Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги акыркы убактарда жарандарды чет мамлекеттерде кылмыш иштерине тартуу учурлары көбөйүп жаткандыгын маалымдайт. Белгисиз адамдар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн иш берүүчү катары тааныштырып, жогорку айлык акы төлөнүүчү ар кандай жумуштарды сунушташууда. Бирок жарандар чет өлкөгө баргандан кийин, аталган «иш берүүчүлөр» аларды баңги заттарды «закладчик» катары таратууга же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурлашып, натыйжада жарандар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан кармалууда.
👥🚫Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө тез жана жеңил киреше табуу боюнча сунуштарга алданбоого чакырат.
📞Чет мамлекетте оор турмуштук кырдаал жаралган учурда, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге мажбурлоо аракеттери байкалса, жергиликтүү укук коргоо органдарына жана КР ТИМ Консулдук департаментине төмөнкү ишеним телефону аркылуу дароо кайрылуу зарыл: +996 999 312 002.
#россиядагыкыргыздар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев