Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын маалымдоо максатында Россия Федерациясынын 1995-жылдын 10-декабрындагы № 196-ФЗ «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» Федералдык мыйзамынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу бөлүмүнүн жоболору түшүндүрүлөт.
Аталган Федералдык мыйзамдын 25-беренесинин 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү Россия Федерациясынын аймагында колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү төмөнкү учурларда жарактуу деп таанылат:
жеке пайдалануу үчүн;
транспорт каражаттарын башкаруу менен түздөн-түз байланышкан ишкердик жана эмгек ишмердүүлүгү үчүн.
Ошол эле учурда, № 196-ФЗ Федералдык мыйзамынын 25-беренесинин 12-пунктуна ылайык, жашап турууга уруксат (вид на жительство) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган учурда, Кыргыз Республикасынын жараны улуттук айдоочулук күбөлүгүн белгиленген тартипте россиялык айдоочулук күбөлүккө алмаштырууга милдеттүү экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу тартиби, актуалдуу талаптар, ошондой эле керектүү документтердин тизмеси - ыйгарым укуктуу орган болуп саналган Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында ( https://мвд.рф ), ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталындагы ( https://www.gosuslugi.ru ) «Транспорт» → «Айдоочулук күбөлүктү алуу» → «Чет өлкөлүк жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү кантип алмаштыруу керек» деп аталган бөлүмүндө жайгаштырылган.
#бирге #биргеалга #россиядагыкыргыздар #москвадагыкыргыздар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев