Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
керектигин билчү белеңиз?
📌 Эгер, бул тууралуу маалыматыңыз жок болсо, анда Сизге кыскача түшүндүрүп кетели.
📃 Иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин, ошол эмгек келишимдин негизинде, жашаган дарегиңиз боюнча миграциялык бөлүмгө барасыз.
📌 Ал жерден, миграциялык картаңыздын артына, эмгек келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттү көрсөтүү менен мөөр (печать) бастыруу менен, Россияда жүрүү мөөнөтүңүздү узартасыз.
🔥 Эгер, эмгек келишиңиз бар, бирок, миграциялык картаңызга мөөр басылбаса, анда, Россияда мыйзамсыз жүргөн катары эсептелип, Реестрге түшүп калышыңыз толук мүмкүн.
📌 Баса, иш берүүчу менен эмгек келишимин түзүп жатканда, ал келишим Госуслуги базасында болушун иш берүүчүдөн талап кылыңыз.
🔥 Эгерде, Госуслуги базасында эмгек келишимиңиз жок болуп чыкса, миграциялык картага мөөр (печать) бастыра албай каласыз.
Убакытты туура пайдаланып, өзүңүзгө жана документтериңизге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну суранабыз.
💯 Убакытту создуктурбай, миграциялык бөлүмгө барып, миграциялык картаңызга мөөр бастырып алыңыз.
✅Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнөн маалымат
#бирге #birge

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев